13-июлда Бразилиянын Маракана стадионунда финалдык беттешүүдө Германия футболчулары Аргентина командасын 1-0 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду. Негизги таймдарда эсеп ачылган жок. Кошумча берилген убакытта немис футболчусу Марио Гетс бир топ киргизүүгө жетишти.
Ал эми үчүнчү орунду Голландия ээледи. Голландиялык футболчулар 12-июлда Бразилияны 3:0 эсебинде утуп алган.
Германия буга чейин үч жолу - 1954, 1974 жана 1990-жылдары футбол боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болгон. Келерки дүйнөлүк футбол мелдеши 2018-жылы Орусияда болот. (AiT\SE)