Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Иран менен сүйлөшүүдө натыйжа байкала элек


Ирандын ядролук программасы боюнча келишимге жетишүү мөөнөтү аяктоо алдында сүйлөшүүлөрдө ийгиликтер боло элек. 13-июлда АКШ, Германия, Франция жана Британиянын тышкы иштер министрлери Венада чогулуп, ядролук программасын кыскартууга барууга Иранга түрткү берүүгө аракет жасашты. Бирок андан натыйжа чыккан эмес.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Иран министри Мохаммад Жавад Зариф менен сүйлөшүүнү улантуу үчүн Венада калды. Иран министри сүйлөшүүлөр тууралуу буларды билдирди:

- Менин оюмча, биз кээ бир ийгиликтерге жетиштик. Бардык маселелерди чечкен жокпуз. Бирок кээ бир маанилүү ийгиликтерге жетиштик, кээ бир адашууларды четтетип, олуттуу чечим кабыл алуу үчүн алга жылдык.

Ири алты мамлекет сүйлөшүүлөрдө Ирандын ядролук программасын кыскартууну көздөсө, Тегеран аны өнүктүрүүнү каалоодо. (AiT)

XS
SM
MD
LG