Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагынын Чек кыштагында күйүүчү май ташып бараткан унаа кулап кетип, беш үйдүн сарайы жана бир пахта аттыруучу цех жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, АИ-80 үлгүсүндөгү 38 тонна күйүүчү май төгүлүп, сугат каналы менен 2 чакырымдай агып барып, күйүп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келген жок.
Окуя 12-июль күнү Бишкек - Ош жолунда болгон. 28 жаштагы Таалайбек Асанкожоев айдап бараткан “Транс-Азия” фирмасына таандык Freightliner үлгүсүндөгү унаа саат 8:20да оодарылып кеткен.
Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат. (SE)