Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Иса Өмүркуловдун бүгүнкүгө белгиленген соту 23-июлга калды


Иса Өмүркулов сот залында. 25-июнь, 2014-ж.
Иса Өмүркулов сот залында. 25-июнь, 2014-ж.

Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго байланыштуу сот отуруму 23-июлга калды. Буга ишти карап жаткан Октябрь райондук сотунун судьясы Жамила Сабитованын ооруп калганы себеп болгонун аталган мекемеден билдиришти.

Бүгүн Өмүркуловго жана аны менен кошо айыпталып жаткан бир катар мурдагы кызматкерлерге карата соттун чечимин жарыяланмак. Чечим чыгаруучу жыйын бир топ убакыттан бери ар кандай себептерден улам башка күндөргө жылдырылып келет.

Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча Башкы прокуратура өткөн жылдын декабрында кылмыш иш козгогон. Ал 2011-жылы Бишкектеги Жеңиш паркынан 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага мыйзамсыз берип салган деп айыпталып жатат. Экс-мэр жогорудагы айыптоолорду четке кагып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG