Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Марс Жусупбеков шаардык сотко кайрылды


Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси, төрт жылга кесилген Марс Жусупбеков доо арыз менен шаардык сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттон кабарлашты. Анын арызы шаардык сотто эми 24-июлда каралат.

13-майда Жусупбековдун кан басымы көтөрүлүп, ал республикалык кардиология борборуна жеткирилген. Жаза аткаруу кызматынан кабарлашкандай, ал инсульт алганы тастыкталды. Учурда Бишкектеги №32 жатак абакта жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Марс Жусупбеков №1 тергөө абагын жетектеп турганда мыйзамсыз иштерге жол берген деп айыпталып былтыр камалган. Бишкектин Октябрь райондук соту аны быйыл 7-майда төрт жылга кескен. (RK)

XS
SM
MD
LG