Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

“ИПАР” компаниясында иштегендер митингге чыкты


Биоактивдүү кошулмалары бар азыктарды сатуу менен алектенген кытайлык “ИПАР” компаниясында иштеп үй алган 50дөй адам бүгүн Бишкекте Жогорку Соттун жанына митингге чыгышты. Алар “ИПАР-строй” ишканасына алдамчылык жолу менен ээлик кылып алды” деп шектелген Хуршида Исмаилованын үй камагына чыгышына каршылык билдиришти.

Акция катышуучуларынын айтымында, Исмаилова компанияда эмгектенип турак жай сатып алгандар менен түзүлгөн келишимдерди өзгөртүп, үстөк пайыз кошуп койгон.

Хуршида Исмаилова компанияга жетекчи катары катталган. Бирок ишкананын ээси чет элдик жаран.

ИИМ жана прокуратура Исмаилованы “алдамчылык кылды, анын айынан чет элдик инвестор жабыркады” деген негиз менен эки ай мурун убактылуу кармоочу жайга камаган. Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу чечимин чыгарганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

“ИПАР-Строй” Бишкектеги кичи райондордун бирине эки көп кабаттуу үй салган. Ал турак жайларда 126 үй-бүлө жашайт. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG