Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Каримованын шериктери соттолгону кабарланууда


Өзбек президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын эки жакын өнөгү арам акчаны адалдоо өңдөнгөн айыптар менен кесилгени кабарланууда. Аты аталбаган бир катар булактарга таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, Каримованын сүйлөшкөн жигити деп саналган Рустам Мадумаров өткөн аптада 6,5 жылга кесилди. Гаяна Авакян 6 жылга эркинен ажырады.

Экөө март айында кармалып, аларга мыйзамсыз ишкердүүлүк, салык төлөбөгөндүк, чет элдик акчаны ири суммада мыйзамсыз ташуу сыяктуу бир катар оор айыптар коюлган эле.

XS
SM
MD
LG