Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Сузакта уурулукка шектелген киши жергиликтүү тургундардын токмогунан каза тапты


Жалал-Абаддын Сузак районунда мал уурулукка шектелген жаран жергиликтүү тургундардын токмогунан каза тапты.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, 7-июль күнү Курманбек айыл аймагына караштуу жайлоодо жылкысын жоготкон Жолой Мамбеталиев өзүнүн атын минип жүргөн чоочун кишини кармап, айылдаштары Карыбек Бабаев жана Темирбек Умаралиев менен чогуу аны суракка алышат.

Уурулукка шектелген Бекен Базарбаев Оштун Кара-Кулжа районунун тургуну экенин, Сузактагы Калмак-Кырчын айылында Асылбек Юсубалиев аттуу шериги бар экенин айткан. 8-июль күнү онго жакын жаран топтолуп, Юсубалиев менен Базарбаевди үйдөн чакырып чыгып токмоктошкон. Кыйноо учурунда алар Калмак-Кырчындан ондон ашуун жандыкты уурдаганын мойунуна алган. Топтолуп келгендер Асылбек Юсубалиевди жип менен байлап сабашкан.

Милициянын маалыматына ылайык, Юсубалиев алган жараатынан улам ооруканада көз жумган.

Облустук жана райондук милиция кызматкерлери биргеликте окуяга күнөөлүү катары 7 жаранды кармады. Сот аларды эки айга камоо чечимин чыгарды. Тергөө жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG