Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Тажикстан Кыргызстанда өндүрүлгөн суусундуктарды жок кылды


Тажикстанда мамлекеттик көзөмөл органдарынын кызматкерлери тарабынан өлкөнүн расмий сапат стандарттарына жооп бербеген азык-түлүк жок кылынды. Алардын арасында Канаданын таттуулары жана Кыргызстандан барган мөмө-жемиш ширелери дагы бар. Талапка жооп бербеген суусундуктарды төгүп салышты.

"Тажикстандарт" улуттук агенттигинин башчысы Бахтиёр Шукурзода “Азаттыктын” тажик кызматына бул текшерүүдө эч кандай саясий жүйө жок экенин айтып, болгону кардарлардын укугун коргоо менен аларды мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөн сактоо максатында иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Тажикстанга Жалал-Абад шаарында чыгарылган минералдык суу жана башка суусундуктар экспорт кылынат. (SE\EzK)

XS
SM
MD
LG