Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Ирактык күрддөрдүн лидери Анкарада жолугушуу өткөрөт


Ирактын автономдуу Күрдистан жумуриятынын президенти Масуд Барзани Анкарада Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган менен өз-өзүнчө жолугушат. Барзани алдыдагы айларда Ирактын Күрдистанында көз карандысыздык маселеси референдумга коюларын айткан. Анын сөзү боюнча халифат жарыялаган суни исламчыл согушкерлери Ирактын бир топ жерлерин басып алгандан бери Ирак иш жүзүндө бөлүнгөн болуп калды.

Өзүнүн күрд азчылыгы бар Түркия Ирактын аймактык биримдигин колдойт, бирок соңку жылдары Иракты күрд аймагы менен соода байланышы күч алды, ошондой эле Түркиядагы күрд азчылыгынын укуктары кеңейип келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG