Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Грузиянын президенти Францияда Бастилиянын алынган күнүнө катышат


Георгий Маргвелашвили Парижге президент Франсуа Олланддын чакыруусу менен келди. Грузин президентинин администрациясы билдиргендей, Маргвелашвили Биринчи Дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскерүүгө жана Бастилиянын кулашына арналган Элизей майданындагы парадка катышат.

Ал ошондой эле Франциядагы грузин диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушат. 14-июлда Францияда падыша менен чиркөөнүн эриш-аркак бийлигинин кыйрашын билдирген Париждеги Бастилия түрмөсүнүн талкаланышы улуттук ири майрам катары белгиленет.

XS
SM
MD
LG