Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Израил менен Газа сектору ортосунда уруш уланууда


Улуттар уюму жана Европа биримдиги ок атышууну токтотууга чакырганына карабай, Израил менен Газа тилкеси ортосундагы чек арада зомбулук уланууда. Палестина бийлиги Израил бир жумадан бери жүргүзүп келаткан авиа соккулардан каза тапкандардын саны 173ке жетти. Алардын басымдуу көбү жайкын тургундар, - деп маалымдады.

Кеминде 17 миң палестиналык үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

Палестина тараптан атылган ракеталардан бир нече израилдик жарадар болду. Дагы бир маалыматка ылайык, жөөт армиясы Ашдод портуна жакын жерде пилотсуз учакты атып түшүрдү.

Франциянын президенти Франсуа Олланд Израилдин коргонууга акысы бар, ошол эле маалда ашыкча күч колдонбоого тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG