Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Малга паспорт берүү уйдан башталат


Каркыра жайлоосу. 24-июнь, 2014-жыл.
Каркыра жайлоосу. 24-июнь, 2014-жыл.

Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоо мөөнөтү аныкталды. Мындан кийин ар бир адам колундагы мал-жандык үчүн паспорт алууга милдеттүү болот.

Кыргызстанда малга паспорт берүү демилгеси буга чейин көтөрүлүп, бирок колдоо тапкан эмес. Малга да паспорт береби деп мыскылдагандар болгон.

Кыргызстанда «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Анын демилгечиси, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Эсенгул Исаковдун айтымында, мындан ары ар бир баш малга электрондук жана кагаз түрүндө номур берилип, туулгандан союлганга чейинки маалымат чогултулуп турмакчы. Исаков мунун баары мамлекеттин эсебинен бекер жасаларын кошумчалады.

- Ар бир малдын кулагына чип салынат. Ал чиптеги номуру электрондук бирдиктүү маалымат базасына киргизилет. Кайсы бир мал өлөбү, союлабы же сатылабы, ар бир кыймылы ошол базада такталып турат. Малды эмдөө өз маалында жасалат. Ошондой эле малчыда ар бир малдын китепчеси да болот.

Мыйзамга ылайык, бодо малды (уй, топоз) паспорттоштуруу быйыл 1-ноябрга чейин бүтүшү керек. Ал эми жылкы баласы келерки жылдын 1-ноябрына, майда мал жандыктар 2016-жылдын 1-ноябрына чейин идентификация болушу зарыл. Эң кызыгы канаттуу жаныбарлардын, атүгүл аарылардын да электрондук жана кагаз түрүндөгү маалымат базасы түзүлмөкчү. Аларды паспорттоштуруу 2017-жылдын ноябрь айына чейин жүрөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттө паспорт алынбаган малдын эт-сүтүн сатып өткөрүү, экспорттоо кыйындашы мүмкүн. Кыргызстандын башкы ветеринардык инспектору Ашырбай Жусупов:

- Малдын туулгандан баштап өлгөнгө чейин маалыматы, эмне менен ооруду, кайсы жылы туулган, тукуму кайсы, энеси-атасы кайсы ушунун баары жазылат. Эгер мал орун которсо, Кыргызстан ичинде же чет өлкөгө кетсе, бирдиктүү электрондук маалымат базасында ал да такталып турат.

Жапаров: убакыттан уттурдук

Малды идентификациялоо иши Польша мамлекетинен алынган кредиттин эсебинен жүрөт. Польша жакында Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн 40 миллион евро насыя бөлгөн. Анын 16 миллион евросу малды паспорттоштурууга жана лаборатория куруу иштерине жумшалмакчы.

Кыргызстанда малга паспорт берүү демилгеси буга чейин саясатчы жана коомдук ишмер Акылбек Жапаров тарабынан ал бийликте турган кезде көтөрүлүп, бирок колдоо тапкан эмес. Жапаров Кыргызстан 5 жыл убактыттан уттурду деп эсептейт.

- Тилекке каршы, чаласабат журналисттер менен саясатчылар түшүнбөй, убагында чечим кабыл алынбай калып, азыр биз Бажы биримдигине кирүүгө даяр эмеспиз. Экинчиден, орус менен казакты эле карап отурбай, Кытайга да өзүбүздүн продукциябызды сатып баштамакпыз. Элдин жашоо-турмушун кескин түрдө оңдомокпуз.

Жапаровдун айтымында, малды идентификациялоо азыр кредиттин эсебинен жүргөнү жатса, мындан беш жыл мурун ал гранттын эсебинен жасалмак. Өкмөттүн ишениминде, идентификация иши Кыргызстанда өндүрүлгөн эт-сүт азыктарын дүйнөнүн бардык жерине сатууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстанда учурда 1,5 миллионго жакын бодо мал, 5,6 миллион кой, 406 миң жылкы, 51000 чочко бар.

XS
SM
MD
LG