Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Жон Керри Иран менен “оор” сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатканын билдирди


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын тышкы иштер министри Мохамад Жавад Зарифи менен Ирандын ядролук программасы боюнча “катаал” сүйлөшүү жүргүзүп жатканын 14-июлда айтты. 20-июлда Ирандын ядролук программасы боюнча келишимге жетишүүнүн мөөнөтү аяктайт. Бул мезгилге чейин келишимге жетишүү мүмкүндүгүн Керри аныктоодо дейт Акүйдүн маалымат катчысы Жошуа Эрнест:

-Американын мамлекеттик катчысы Ирандын олуттуу чечим кабыл алууга даярдыгын аныктоо үчүн Венага барды. Ал баарын камтыган келишимге жетишүүгө мүмкүнчүлүк бардыгын байкап көрөт . Азыркы кезге чейин ири мамлекеттер менен Ирандын ортосунда макулдашылбаган нерселер бар. Жон Керри сапары аяктаган соң президент Барак Обамага сунушун берет.

Ирандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүүгө Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон да катышууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG