Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:46

Жарым жылда бюджетке 45 миллиард сомдон ашуун каражат түштү


2014-жылдын алты айына карата республикалык бюджетке түшкөн каражаттын көлөмү 45 млрд. 956 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каражаттын 36 пайыздан ашууну Бажы кызматынан, 28 пайызы Салык кызматынан, 9 пайыздан ашууну мамлекеттик казына векселдеринен, 3 пайызга жакыны бюджеттик ссудаларды кайтаруудан камсыздалды.
Каражаттын ичинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 37 млрд. 986 млн. сомго жетти. Бул белгиленген планга караганда 1 пайызга аз.

Өткөн жылдын ушул аралыгына салыштырганда салыктан түшкөн кирешелер 1 млрд. 252,8 млн. сомго көбөйгөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG