Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:55

Жалал-Абадда мал уурулук 9 миллион сом чыгым алып келди


Жалал-Абад облусунда уурдалган малдын чыгымдары 9 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мелис Жороев билдирди. Жыл башынан бери аймакта 405 мал уурдалып, 108 кылмыш иши козголгон. Уурдалган малдын 185и ээлерине кайтарылган.

Мал уурулук негизинен Өзбекстан менен чектеш Аксы жана Ала-Бука райондорунда көп катталат. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG