Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Келдибековдун соту 22-июлга жылдырылды


Депутат Акматбек Келдибеков ден соолугуна байланыштуу сот отурумуна келбегендиктен, бүгүнкүгө белгиленген сот иши 22-июлга жылдырылды. Депутаттын адвокаты Азимбек Бекназаровдун айтымында, анын саламаттыгы начарлап, бешинчи операцияга даярданууда. Буга байланыштуу Келдибековдун ден соолугу калыбына келмейинче, соттук териштирүүнү токтото туруу сунушу менен кайрылуу пландалып жатат. 10-июлдагы алгачкы сот отуруму да ушул себеп менен болбой калган.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, өткөн жылы ноябрда камалган. Келдибеков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Камалгандан бери колу жана бутунан төрт жолу операция болду. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG