Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Москва: метродогу кырсыкта кыргызстандыктар бар же жок экени такталууда


Москвадагы метродо болгон кырсыкта жабыркагандардын же каза болгондордун арасында кыргызстандыктар бар же жок экени такталууда. Орусиядагы кыргыз элчилигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, азырынча Саламаттыкты сактоо министрлигинен кырсыкка тушуккандардын тизмеси бериле элек. Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери өз булактары аркылуу да териштирүү иштерин жүргүзө баштады.

Бүгүн Парк Победы жана Славянский бульвар станцияларынын ортосунда катуу ылдамдыкта бараткан поезд чукул токтогондо 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Натыйжада, ондон ашуун киши каза таап, 100гө жакын адам жабыркаганын Орусиянын расмий булактары маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG