Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

ТИМ: Москвадагы кырсыкта жабыркаган кыргызстандыктар жок


Москвадагы метродо болгон кырсыкта жабыркагандардын же каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз элчилигинин маалыматына таянып, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков “Азаттыкка” билдирди:

- Москвадагы элчиликтин кызматкерлери тактоо иштерин улантып жатышат. Алардагы маалыматта аварияга кабылгандар арасында кыргыз жарандары жок. Москва шаарынын Өзгөчө кырдаалдар кызматы да каза болгондор жана жабыркагандар арасында чет элдиктер жок экенин айтты.

Бүгүн эртең менен Парк Победы жана Славянский бульвар станцияларынын ортосунда катуу ылдамдыкта бараткан поезд чукул токтогондо 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Орусиянын расмий булактары ондон ашуун адам каза таап, 100гө жакын киши жабыркаганын маалымдады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG