Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Еврокомиссиянын төрагасы болуп Жан-Клод Юнкер дайындалды


Европарламент Страсбургдагы жыйынында Жан-Клод Юнкерди Европа комиссиясынын төрагалыгына бекитти. Люксембургдун мурдагы өкмөт башчысынын талапкерлигин өткөн айда көрсөтүшкөн. Ага Британия менен Венгрия каршы болгон. Акыр-аягында эки ири фракция – борборчул-оңчулдардын "Европанын элдик партиясы" менен Социал-демократтар анын талапкерлигин колдошту. Евробиримдиктин лидерлери эртең Брюсселде чогулуп, тышкы иштер үчүн жооптуу адамды жана Еврокеңештин төрагасын дайындашат деп күтүлүүдө.

Бүгүнкү жыйында Европарламенттин депутаттары ошондой эле Украинадагы кырдаалды талкуулашмакчы. Буга чейин шаркет 70тен ашуун орусиялыкты жана украиналык жикчини санкциялар тизмесине киргизген. Маалыматтарга караганда, аннексияланган Крым менен иш алып барган фирмаларды көбүрөөк камтуу үчүн жазалоочу чаралардын критерийлери сөз болот.


XS
SM
MD
LG