Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк мелдеште Кыргызстан үч медал утту


Словакиянын Снина шаарында уландар арасында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар 3 медал утуп алды. Олимпиадалык резервдеги балдар күрөш мектебинин жетекчиси Анарбек Садыров “Азаттыкка” билдиргендей, 63 кг салмактагы спортчу Лука Орлов Австрия, Литва, Норвегия жана Армениянын балбандарын жеңип, күмүш медал тагынды. Ал финалда фин балбаны Матиас Липастиге бир упай менен утулуп калды.

54 кг салмакта Керим Казакбаев жана оор салмакта Роман Ким үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болду.

Бүгүн түштөн кийин Бексултан Макешов, Турат Кадырбек уулу, Рустам Рахматтулаев, Бурго Бейшеналиев жана Камалдин Асыкеев килемге чыгат.

Эркин күрөш боюнча Айбек Токтогул уулу, Санжарбек Турдубаев, Бакберген Үсөнов баштаган алты балбан 19-июлда таймашка чыгат. Кыздардын эркин күрөш таймаштарына 4 кыз катышканы даярданып турат.

Чемпионат 15-июлда башталган, 20-июлда жыйынтыкталат. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG