17-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,
Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,
Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30 градус жылуу болот.