Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып алууда


Бул тууралуу “Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун жетекчиси Медетбек Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Учурда Тажикстандан күнүгө 1,5 млн кВт ток алынууда. 1 кВт электр энергиясы 2 центтен бааланган. Сатып алуу сентябрга чейин уланат.

Быйыл Токтогул суу сактыгычында суунун көлөмү азайып, өлкөнүн энергетика тармагы оор кырдаалга тушугуп жатканы белгиленип келет. Маселени чечүү үчүн Казакстандан да электр энергиясын алуу пландалган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу Айткулов буларга токтолду.

- Биз алардан электр алуу боюнча тууганчылык жолу менен келишим түзгөнбүз. Тагыраак айтканда, азыр бизде суу тартыш болуп турган учурда алар жардам берет, кези келгенде биз аларга көмөк көрөсөтөбүз. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG