Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Жалал-Абад: Сугат сууга карыз беш миллион сомдон ашты


Облустун дыйканчылык аймактарында эгин сууга болгон карыз 5 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу облустук Бассейндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Анаркулов билдирди. Карыздарды топтоо аракетинен майнап чыкпай жатканын айткан жетекчи быйыл жылдагыга караганда аймакта суу 40 пайыз аз экенин да кошумчалады.

Ал арада аталган башкармалыктын кызматкерлери айлык акысын көтөрүү талабы менен бүгүн маалымат жыйын курушту. Алар 1500-2400 сом маяна аларын айтып, абал ушундай уланса иш таштарын белгилешти. (YA\SE)

XS
SM
MD
LG