Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:09

Израил палестиналыктарга эвакуацияланууну эскертти


Израил армиясы аба соккулары уланып жаткандыктан Газа тилкесинин чыгыш бөлүгүндө жашаган 100 миңдей палестиналыкка эвакуацияланууну эскертти. Зайтун конушунда баракчалар таркатылып, жергиликтүү тургундарга чөнтөк телефондон эскертүү берилүүдө.

Жашоочуларга кошумча маалыматка чейин үйлөрүнө кайтпоо көрсөтмөсү берилди. Израил 9 күндөн бери Газа тилкесиндеги согушкерлердин ракета атууларына каршы операция жүргүзүүдө. Аба соккулары "Хамас" тобу Египет сунуш кылган ок атышууну токтотуу планын четке каккандан кийин жанданды. Чабуулдардан 200дөй палестиналык жана израилдик бир киши набыт кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG