Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Маңзат ордуна Тажикстанда "күрөөгө" коюлган үч кыргызстандык куткарылды


Тажикстандын Согди облусунда маңзат ташыгандардын колунда барымтада кармалып турган кыргызстандык үч киши бошотулду. Алардын экөө эркек, бири жаш кыз экенин Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов билдирди.

Кыргыз жана тажик милициялары биргеликте 12-июль күнү жүргүзгөн операция учурунда барымтадагылар куткарылып, кыргыз тараптан беш, тажик тараптан эки киши колго түштү. Алар 30 кг героинди Тажикстандан Орусияга ташып кетип жаткан. Кыргызстандык 3 киши ушул маңзат үчүн акча төлөнгөнгө чейин "күрөөгө" калтырылганы белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар бир кишини эки ай мурун, экөөнү бир апта мурда Тажикстанга алып барып таштап келген. Ордуна маңзат алып, акчасын кийин бермей болгон. Окуя боюнча тергөө жүрүп жатат. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG