Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Рыкунова кайра камалды


"Альфа Телеком” ишканасынан алдап акча алды деген айып менен соттолгон журналист Раушан Рыкунова кайра камалды. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Өткөн айда ал жатак абакка чыгарылган болчу.

Жогорку Сот Аламүдүн райондук сотунун Рыкунованы жатак абакка чыгаруу тууралуу чечимин 8-июлда жокко чыгарды.

Раушан Рыкунова сиңдиси Айнура Сим, жолдошу Владислав Рыкунов менен бирге "апрель окуяларынан кийин “Мегаком” компаниясынан мыйзамсыз акча алып кеткен" деген шек менен 2011-жылы июнь айында кармалып, өзү 7 жылга, сиңдиси жана күйөөсү 6 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Жаза аткаруу кызматынан кабарлашкандай, ал Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар абагына жеткирилди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG