Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

Асад: Батыш Сириядагы "терроризмди" колдогондугу үчүн кымбат төлөйт


Сириянын президенти Башар Асад үчүнү ирет жогорку мамлекеттик кызматка киришип жатып ант берди. Салтанат бүгүн борбор шаар Дамаскта өттү. Андан кийин телеканалдан элге кайрылып, Батыш жана араб өлкөлөрү Сириядагы “терроризмди” колдогондугу үчүн кымбат кун төлөшөт, чет мамлекеттер тутанткан “ыплас согушту” Сирия жеңди деп билдирди.

Июндагы шайлоодо, Асад расмий маалыматка ылайык, добуштардын 88% ашуунун алган. Шайлоо салгылашуулар жүрүп жаткан жана оппозиция же радикал исламчылардын көзөмөлүндөгү чөлкөмдөрдө болгон эмес. Оппозиция өкүлдөрү өнөктүктү бойкоттошкон. Батыш лидерлери болсо согуш отуна бөлөнгөн өлкөдө шайлоо өткөрүү туура эмес деген оюн билдирип келишти.

Сирияда жарандык уруш 4 жылдан бери уланып келатат. Бул аралыкта, укук коргоочулардын ырастоосунда, 170 миңден көп киши каза тапты, калктын дээрлик үчтөн бир бөлүгү качкынга айланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG