Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Түндүк Кипрде кулчулукта жүргөн кыргыз кызы бошотулду


Кирения шаарында бир айдан бери кулчулукта жүргөн айым Стамбулдагы кыргыз консулдугунун жана “Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жардамы менен бошотулду. Бул тууралуу аталган бирикменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта ал токмоктолуп, коркутууга дуушар болгону жазылат.

Кулчулукка кабылган кызга “Одноклассники” социалдык тармагы аркылуу Кипрдеги Tuty fruty түнкү клубунун кызматкерлери бийчи болуп иштөөнү сунуштаган. Виза жана башка документтик иштерине чыгымдарды клуб өзү төлөп берген. Бирок кыз барган соң бийчи болуп эмес, денесин сатып иштөөгө мажбурланган. Үч жума кызмат көрсөткөн соң кардарлардын биринин жардамы менен Стамбулдагы башкы консулдуктун телефон номурун таап, жардам сурап кайрылган.

“Замандаш” ассоциациясынан кабарлашкандай, кызды куткарууга Кипр полициясы көмөктөшкөн.

Кулчулукка кабылган айым жакында Кыргызстанга келди. Аты-жөнү жана кайсы жерлик экени ачык айтылган жок. (SE)

XS
SM
MD
LG