Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Каражат жоктугунан быйылкы айыл чарба каттоосу 2016-жылга калды


Быйыл күзгө пландалып жаткан айыл чарба каттоосу болбой калды. Өкмөттүн токтому менен бул өнөктүк 2016-жылга калтырылды.

Улуттук статистика комитетинен кабарлашкандай, буга акча маселеси себеп болду. Каржы министрлиги быйыл февраль айында республикалык комиссиянын жыйынында каттоону өткөрүүгө акча жок болуп жатканын айткан. Жалпысынан өнөктүк үчүн 200-250 миллион сом талап кылынат. Статистика комитети каттоо өткөрүүгө толук даяр экенин, бул үчүн атайын бөлүм ачып, методологиясын иштеп чыкканын, былтыр үч айылда пилоттук каттоо жүргүзгөнүн айтууда.

Эгемен Кыргызстанда алгачкы айыл чарба каттоосу 2002-2003-жылы өткөрүлгөн. Мыйзам боюнча бул иш ар он жылдыкта уюштурулуп турушу зарыл. Бирок 2012-жылкы каттоо 2014-жылга калган. Эми быйылкы өнөктүк да болбой калды. (RK)

XS
SM
MD
LG