Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Расмий эсепте 700 миңдей кыргызстандык чет өлкөдө


Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги учурда чет элде жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңге жакын экенин билдирди. Бул эсеп эксперттик-аналитикалык маалыматтардын негизинде чыгарылган.

Өлкөдөн сыртта жүргөн кыргызстандыктардын 570 миңге жакыны Орусияда. Өткөн жылы бул сан расмий эсепте 657 миң болчу.

85 миң кыргыз жараны Казакстанда, 30 миңдейи алыскы чет өлкөлөрдө.

Алардын басымдуу бөлүгү иштеп акча табуу максатында кеткен.

Расмий эмес булактарда чет жакта жүргөн кыргызстандыктар миллиондон ашуун экени айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG