Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Кыргыз-тажик чек ара маселесинде бирдиктүү пикир табыла элек


Кыргызстан менен Тажикстандын расмийлери чек арадагы маселелерди чечүүдө бир пикир тапкан жок. Ымаланы жакшыртуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктаганы менен кыргыз тараптан коюлган суроолорго жооп алына элек. Бул тууралуу бүгүн кыргыз тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча алардын корутундусу жана зарыл маалыматтар Кыргызстанга жакын арада бериле турганын айтты.

Эрлан Абдылдаев менен Сирожиддин Асловдун жолугушуусу бүгүн Бишкекте болду. Мурдараак тажик министрин президент Алмазбек Атамбаев да кабыл алган.

Аслов Кыргызстанга “Борбор Азия+Жапония диалогу” иш-чарасына катышуу үчүн 16-июлда келген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кырдаал январь айынан бери татаалдашып турат. 10-июлда чек арада болгон ок атышуудан кийин абал ого бетер курчуп кетти. (SE\KJ)

XS
SM
MD
LG