Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Тыңчылык үчүн айыпталып жаткан Содиков апасы менен жолугушту


Тажикстандык изилдөөчү, тыңчылык үчүн айыпталып жаткан Александр Содиковго апасы менен жолугушууга уруксат берилди. Бул тууралуу анын адвокаты Абдулкаим Юсуфи “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Содиков апасы менен 15-июлда Улуттук коопсуздук комитетинин кармоочу жайында көрүштү.

Юсуфи Содиков кармоо шарттарына даттанбаганын айтып, күнөөлүү эместигин кайталады. 31 жаштагы изилдөөчү 16-июнда Хорог шаарында жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү менен жолугушуудан кийин кармалып, чыккынчылык жана тыңчылык үчүн айыпталган. Канадада убактылуу жашап жаткан Содиков британиялык Эксетер жана Торонто университеттериндеги докторлук ишинин алкагында материал жыйнап жүргөнүн айтууда.

XS
SM
MD
LG