Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Оштун электр менен камсыз болуусун жакшыртууга каражат бөлүндү


Ош шаарынын энергетика тармагындагы маселелерди чечүү үчүн 280 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн токтому бүгүн чыкканын "Азаттыкка" энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

160 миллион сомго жогорку чыңалуудагы эки трансформатор орнотулат. Төмөнкү чыңалуудагы трансформаторлор да жаңыртылат. 15 миң даана суюлтулган газ баллондорун сатып алууга 38 миллион сом жумшалат.

Бөлүнгөн каражаттын айрым бир бөлүгү Жалал-Абаддын электр системасын жакшыртууга да жумшалат.

Артыкбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 69 921 абонент газы жок отурат. Алардын 38 миңден ашыгы гана суюлтулган газга өтөт. Калгандарын кабат үйдө жашагандыктан өткөрүүгө болбойт. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG