Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Украинада Малайзиянын учагы кулап түштү


Кырсыкка учураган Boeing 777 учагынын калдыктары, Грабово айылы, Донецк облусу, 17-июль, 2014.
Кырсыкка учураган Boeing 777 учагынын калдыктары, Грабово айылы, Донецк облусу, 17-июль, 2014.

Донецк облусунун аймагында Малайзия авиакомпаниясына таандык Boeing 777 учагы кулап түштү. Учактагы 298 киши курман болгону кабарланды.

Амстердам шаарынан Куала-Лумпурга багыт алган учакта 283 жүргүнчү жана экипаждын 15 мүчөсү бар экени айтылууда. Учак жер менен байланышты жергиликтүү убакыт боюнча 16:20да жоготкон.

Украина президентти учактын кырсыкка учурашын “террордук акт” деп атады. Жикчилдер учакты украин аскерлери атып түшүрдү деп, иликтөө ишин жүргүзүү үчүн үч күн ок атууну токтотууну сунуштады. Орусия президенти Владимир Путин учактын кыйрашына Украина жоопкерчиликтүү деди. Ал эми БУУнун баш катчысы эл аралык иликтөөнү сунуштады.

"Боинг": Киев - Москва бири бирин айыптоодо
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак "учактын кыйраганын угуп нес болдум. Тез аранын ичинде иликтөө баштайбыз" деп жазды.

Малайзия авиакомпаниясынын Европадагы өкүлчүлүгүнүн вице-президенти Хийаб Гортер учактагылар негизинен Голландиянын жарандары экенин билдирди:

-Учактагылардын улуту тууралуу бир аз маалымат берсек, азыркы учурга карай анда 154 Голландия жараны, 27 австралиялык, 23 малай, Индонезиянын 11, Англиянын алты, Германиянын төрт, Белгиянын төрт, 3 филиппин жана Канаданын бир жараны болгону аныкталды. Калгандарын тактай элекпиз.

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко малайзиялык учакты орусиячыл жикчилдер "Бук" деп аталган зениттик-ракеталык комплекс менен атып түшүргөнүн, учак 10 миң метр бийиктикте баратканын, 280 жүргүнчү жана экипаждын 15 мүчөсү набыт болгонун билдирди.

Украин премьер-министри Арсений Яценюктун маалымат кызматы "авиакырсыкты" иликтөөгө тапшырма берилгенин билдирди.

Малайзия Эйрлайнс компаниясы Boeing 777 менен байланыш Украинанын аба мейкиндигине киргенде жоголгонун Твиттер барагында жазды.

Украинанын өкмөттүк күчтөрү ушул тапта Донецк облусунун аймагында орусиячыл жикчилерге каршы аскерий операцияларды жүргүзүүдө.

Өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймактын премьер-министри Aлександр Бородей жикчилдердин колунда 10 миң метр бийиктикте бараткан учакты атып түшүрө алчу курал жоктугун айтып, бул украин армиясынын "чагымы" деп атады.

Буга чейин жикчилдер Луганск облусунда алты миң метр бийиктиктен жүк ташуучу АН-26 учагын атып түшүрүшкөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG