Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

Израил Газага бастырып кирүү операциясын баштады


Газадан ракеталык аткылоолорду токтотуу үчүн 17-июлда жерден операция баштаганын Израилдин аскерлери билдирди. Андай операция баштоого өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху буйрук берген. Бул операциянын максаты “ХАМАСтын инфраструктурасын талкалоо” экени айтылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун операция учурунда тынч жарандарга зыян келтирбөөгө Израилди чакырды. ХАМАС өз кезегинде жердеги операция үчүн Израил жооп берерин билдирди. Уруш башталгандан бери 220 палестин жараны, бир Израил жараны өлдү. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG