Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Обама менен Путин учактын кыйрашы жана санкциялар боюнча сүйлөштү


АКШ президенти Барак Обама менен Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага байланыштуу Вашингтон Москвага карата киргизген катаал санкциялары боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Владимир Путин “мындай конструктивдүү эмес чечимге” терең нааразылыгын билдирген.

Обама жана Путин Малайзия учагынын кырсыкка учурашын дагы сүйлөшкөн. Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест коңгуроо Кремл тараптан болгонун айтып, бирок сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу кеңири маалымат берген эмес. Кошмо Штаттар Орусияга каршы 16-июлда жаңы санкцияларды жарыялады. Ал Орусиянын энергетика, банк жана коргоо тармагындагы ишканаларын камтыйт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG