Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Нарында облус башчысынын кызматтан кетишин талап кылган акция өтүүдө


Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун кызматтан кетишин талап кылып жарандык активист, экинчи топтогу майып Замира Абдраева бүгүн облустук администрациянын алдына нааразылык акциясына чыкты. Ал облустук бийлик үйү жок майып кишилерге там салып берүү аракетин кылбай жатканына нааразы болууда.

Абдраева буга чейин өкмөт өкүлүнө бир канча жолу кайрылганын айтып, натыйжа чыкпагандыктан мөөнөтсүз пикет баштаганын билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү майыптар үчүн там салууга каржы тартыш экенин белгилөөдө. (SE\TSh)

XS
SM
MD
LG