Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Башкы штаб: Тик учак кырсыгында набыт болгондор жок


Ысык-Көлдө кулап түшкөн тик учактагылардын арасында набыт болгондор жок. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин Башкы штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окуяны иликтөө үчүн Башкы прокуратурадан, Жарандык авиация департаментинен жана Башкы штабдын кызматкерлеринен турган комиссия кырсык болгон аймакка кетти.

Башкы штабка тиешелүү болгон Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак бүгүн түшкө маал Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз аймагында кулап түшкөн. Экипажда үч адам болгон. Алар бутун сындырып алган альпинистти эвакуациялоо үчүн барган.

Тик учак кайра кайткан учурда шамалдан улам кулап, капталынан жатып калган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG