Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Орусияда мигранттар 1-сентябрдан тарта сынактан өтөт


Мыйзамдуу жумушка орношуу үчүн мигранттар орус тили, тарых, укук жана Орусиянын саясий өнүгүүсү боюнча сынактан өтөт. Бул тууралуу Федералдык миграция кызматы кабарлайт. Эксперттердин сунушу менен чет элдиктерге кыйынчылык туудурушу мүмкүн болгон 50гө жакын суроо алынып салынды. Тестирлөөдөн жыл аягына чейин 3,5 миллион киши өтүшү керек.

Сынактар окуу жайлардын имараттарында жүргүзүлөт. Ага катышуу үчүн мигрант сөзсүз түрдө жазма же электрондук түрдө Билим берүү жана билим министрлигине кайрылышы керек.

Сынактан өтпөгөндөр өлкөдөн чыгарылат.

Орусиялык жарандык активисттер тестке даярдануу үчүн мигранттарга эч кандай шарт түзүлгөн эместигин, кандай багыттагы суроолор болушу алдын ала айтылбаганын сындап жатат.

Мигранттардан экзамен алуу боюнча мыйзамга президент Владимир Путин апрель айында кол койгон. Орус бийлиги муну мигранттардын жашоосунун жеңилдешине көмөк болуучу чара катары сыпаттап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG