Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Израилдин жердеги операциясынан 11 палестиналык каза тапты


Израил армиясы кечээтен бери жүргүзүп келаткан кургактагы операция маалында кеминде 11 палестиналык жана бир жөөт аскери набыт кетти, экөө жараат алды. Газа тилкесиндеги аскердик иш-чара, Израилдин ырастоосунда, "Хамас" согушкерлеринин ракета чабуулдарын токтотууну көздөйт.

Аскерлер премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун буйругу менен башталган операция согушкерлер Израилдин аймагына чабуул коюу үчүн колдонгон тоннелдерди талкалоону максат кылаарын айтууда. Ошол эле маалда Газа тилкесиндеги ири исламчыл топ – "Хамасты" кулатууну көздөбөгөнүн белгилешет. "Хамас" операцияны "кайгылуу натыйжага алып келген акылга сыйбас” аракет деп сыпаттоодо. БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Израилди жайкын тургундарга залака тийгизбөөгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG