Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Бишкекте Израилге каршы “Мусулман мусулманга бир тууган” акциясы өтүүдө


Горький атындагы сейил багында Израил тараптан Газа тилкесинин бомбаланып жатышына каршы нааразылык акциясы өтүп жатат. Ага Чубак ажы Жалилов, Мыктыбек Арстанбек, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу коомдук жана диний ишмерлер баштаган 200дөй адам катышууда. Алар Газа тилкесине сокку урууга каршы плакаттарды көтөрүп алган.

Израил аскерлери Газа тилкесине абадан жана деңизден чабуул коюп жатканына бүгүн он күндөн ашты. Бүгүн жерден сокку уруулар башталганы кабарланды. Ошол эле маалда Палестинадагы Хамас исламчыл кыймылынын согушкерлери Израилге мурдагыдан да көбүрөөк ракета ата баштаганы айтылууда. Израил бийликтери бомбалоо операциясынын максаты Хамастын инфраструктурасын талкалоо” экенин белгилеген.

Газада уруш башталгандан бери 200дөн ашуун палестин жараны, бир Израил атуулу өлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG