Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Орусия Молдованын жер-жемишине тыюу салды


Орусия Молдовадан жер-жемиш импорттоого тыюу салды. Россельхознадзордун маалыматына караганда, алма, өрүк, шабдаалы, алча жана башка түрлөрүн 21-июлдан тарта Орусия аймагына алып кирүүгө уруксат берилбейт. Москва жүйөө катары продукцияны жеткирүүдө эрежелердин сакталбашын келтирүүдө.

Молдова Украина жана Грузия менен кошо өткөн айда Европа биримдиги менен экономикалык жана саясий чөйрөдө бир катар келишимдерге кол койгон. Алардын бул кадамы мурдагы советтик жумурияттардын Европа менен интеграциясын жактырбаган Кремлдин сынына кабылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG