Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Иракта жыл башынан бери беш жарым миң киши каза болду


Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, быйылкы жылдын башынан бери Ирактагы зордук-зомбулуктан беш жарым миңден көп киши каза тапты. Ислам мамлекети деген кыймылдын сунни козголоңчулары Анбар чөлкөмүндөгү Фаллужа шаарын кайтарып алган январь айынан бери 11 миң 600дөн ашуун киши жарадар болду. Докладда июнь айынын ичинде эле эки жарым миңдей киши набыт кеткени, алардын жарымынан көбү жайкын тургундар экени белгиленет. "Ирак Ислам мамлекети жана Левант" деп аталып келген кыймыл тарабынан эл аралык мыйзамдар “ырааттуу жана одоно бузулуп келатат”, - деп айтылат БУУнун баяндамасында.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG