Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Жалал-Абад: Жеке сектордогу үч фазалуу электр зымдар кыркылат


Жалал-Абадда күзүндө жеке сектор пайдаланган үч фазалуу электр зымдары кыркылат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев аймакка жумушчу сапар менен барган учурда билдирди. Анын айтымында, бул чара кеч күздөн тарта Жалал-Абадда газ жок болушу ыктымалдыгына байланыштуу колдонулат.

Өкмөт муну менен электр энергиясындагы ашыкча сарптоолорду кыскартып, жылытууну жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздамакчы.

Түшкө чейин Ош шаарында да жолугушууларды өткөргөн Оторбаев калаага газ качан берилери белгисиз экенин айтып, жылуулук жана суюлтулган газ маселесин чечүү үчүн Орусия бере турган гранттан каражат жумшаларын билдирген. (RsK\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG