Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

ЕБ: Украинадагы авиакырсыкты эл аралык эксперттер териштирсин


Европа биримдиги Украинанын чыгышындагы авиакырсыкты эл аралык эксперттер териштирсин деп үндөдү. Еврокомиссия кечээки билдирүүсүндө окуянын чоо-жайы “шок абалда" калтырганын жазат. Комиссия “аймактагы бардык тараптарды” эксперттерди кырсык болгон жерге кое берүүгө жана иликтөө менен кызматташууга чакырды. "Ал кырсык жаңжалга тезирээк чекит коюу керектигин дагы бир жолу көргөздү, тараптар адам өмүрүнүн кыйылышын токтотууга тийиш” деп белгилейт Европа биримдиги.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG