Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:44

Ысык-Көлдө конок үйлөр патент алууга милдеттендирилет


Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Бир жума аралыгында салык кызматы жана жергиликтүү бийлик курорттук зонада конок тосууга ылайыкташкан турак жайларды каттоого алат. Ээлери патент алып мамлекетке акча төлөөгө милдеттендирилет.

Бул сунушту Эс алуу жайларынын бирикмесинин төрагасы Акжолтой Насирдинов да колдой турганын билдирди. Анын айтымында, бул ыкма ишке ашса, Ысык-Көл районунун өзүнөн эле бир жылда 120 миллион сом киреше түшөт.

Буга чейин конок үйлөрү тейлөөчү катары гана салык төлөп келген. Айрымдары каттоого турбай эле иштеп жүргөнү айтылат. (МК)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG