Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Атамбаев: Тышкы саясатта улуттук кызыкчылык биринчи орунда болуусу тийиш


Кыргызстандын тышкы саясаты чет мамлекеттер менен кызматташтыкты активдештирүүгө багытталуусу керек, ал эми кандайдыр бир маселе чыга турган болсо аны чечүүдө улуттук кызыкчылык биринчи орунда туруусу шарт. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда айтты.

Абдылдаев ушул аптада Бишкекте өткөн "Борбор Азия + Жапония" конференциясынын жыйынтыгы, ага катышкан коңшу өлкөлөрдүн башкы дипломаттары менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди.

Учурда Кыргызстандын Тажикстан менен чек ара маселеси курч болуп турат. Өзбекстан Ош шаарына газ берүүсүн токтотуп койгондуктан өлкөнүн түштүк аймагы бир нече айдан бери көгүлтүр отунсуз отурат. Казакстан менен да суу-энергетика багытында айрым чечиле элек маселелер бар. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG