Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Кендер тууралуу маалыматтын купуялыгын бузгандар жазаланат


Кыргызстанда кендер тууралуу жашыруун геологиялык маалыматты ачыкка чыгарып жибергендер жазаланат. Ошондой эле геологиялык маалыматка болгон мамлекеттик менчик укугун түз да, кыйыр да түрдө бузгандарга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу мыйзамга бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Кен пайдалануу ишин жумушчуларга жана ошол аймакта жашаган калкка коопсуздук жаратуучу жагдайда жүргүзгөндөрдү жоопко тартуу да каралган.

Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу бул мыйзам долбоору парламентте июнь айында кабыл алынган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG