Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Жалал-Абаддын чукул кырдаалга даярдыгы текшерилди


Жалал-Абад шаарында чукул кырдаалдар машыгуусу аягына чыкты. Сел, өрт, жер титирөө кесепеттеринин алдын алуу максатында өткөрүлгөн командалык-штабдык машыгуу үч күнгө созулду. Кечээ аяктаган машыгууга Жалал-Абад шаарындагы бардык кызматтар катышканын мэрия бүгүн билдирди.

Чукул кырдаал жана өрткө каршы кызматтын табият кырсыктарына болгон даярдыгы текшерилди. Жаан-чачын маалында суу каптап кетчү Транспортная көчөсүндөгү узундугу 230 метр арык тазаланып, куур төшөлдү. Борбордук базарды аралап кирүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу өрт өчүрүүчү автоунаага кыйла түйшүк жаратары белгиленди.

Быйыл жазында борбордук базарда гамбургер бышырчу жайда газ баллон жарылып кетип, бир киши оор жараат алган. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG